Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:41

Кыргызстан сириялык 70 кишиге качкын макамын берди


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын 1-июнуна карата Кыргызстанда 200 чет элдик адамга качкын макамы берилди. Андан тышкары, ушундай өтүнүч менен кайрылган 142 кишинин арызы каралып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Учурда Кыргызстанда качкын макамын алгандардын арасында ооганстандыктар 87, сириялыктар 70 киши. Украинадан, Ирандан, Ирактан, Мароккодон, Эфиопиядан жана коңшу мамлекеттерден келген жарандар да бар.

Бул - Кыргызстан эгемендик алгандан бери качкын макамы берилген кишилердин эсеби. Убакыт өтүп Кыргызстандын жарандыгын алган бозгундар бул тизмеден өчүрүлүп тургандыктан, жыл сайын алардын саны өзгөрөт. Мисалы, 2016-жылы 500дөй экени айтылган.

Кыргызстанда чет элдиктерге качкын макамын берүү жараяны алты айдан бир жылга чейин уланат. Макам алган киши үч жылдан соң жарандыкка документ тапшырса болот.

Жыпара Мамбетова менен маекти бул жерден угуңуз:
Кыргызстан бир катар өлкө жарандарына башпаанек берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:42 0:00

20-июнда Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. БУУнун качкындардын абалы боюнча жылдык отчету ушул күнү жарыяланат. Уюмдун Качкындардын иши боюнча агенттигинин 19-июндагы маалыматына ылайык, согуш жана башка ар кандай алааматтардын айынан былтыр дүйнө жүзүндө 71 миллионго жакын адам жер которгон. Бул мурдагы жылга караганда 2 миллионго көп жана соңку 70 жыл ичинде эң чоң көрсөткүч.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы бул датага карата бүгүн Бишкекте спорт мелдештерин өткөрөт. Футбол федерациясынын аянтчасындагы иш-чарага Кыргызстанга бозгун болуп келген чет элдиктер катышат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG