Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

НАТО коопсуздук маселелерин талкуулайт


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун коргоо министрлери коопсуздук маселелерин талкуулаш үчүн 26-июнда Брюсселдеги эки күндүк жыйынга чогулууда. Күн тартибинде уюмдун коргонуу чыгымы, анын Ооганстандагы миссиясы жана Орусиянын «кансыз согуш» доорунда кол коюлган ракеталык келишимдин шарттарын бузуп-бузбаганы тууралуу маселелер бар. АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Марк Эспер Иран маселесин да талкууга алып чыгууну көздөп жатканын айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул жолугушууда уюмдун чыгымдарын бөлүшүп көтөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулаарын 25-июнда билдирди.

НАТО өлкөлөрү он жыл ичинде коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө 2014-жылы эле милдеттенме алган.

АКШ президенти Дональд Трамп уюмдун мүчөлөрүнөн бул милдеттемени толук аткарууну талап кылып келет. Быйыл бул шартты аткарган өлкөлөрдүн саны сегизге жетет деп күтүлүүдө.

 

XS
SM
MD
LG