Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кыргыз базарын чет элдин товары басты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Парламенттин тиешелүү эки комитети Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан Кыргызстанга кирген товарларга карата өкмөттүн көзөмөлүн канааттандырарлык эмес деп тапты.

Ошондуктан бул эки комитет тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү талабын коюп, бул көйгөйгө кайра кайрылуу үчүн маселени кароону күзгө жылдырды.

Жогорку Кеңеште эсепке алынбаган же иш жүзүндө аткезчилик менен кирген товарлардын айынан мамлекеттик казына миллиарддаган сомду жоготуп, мыйзамдуу иштеген ак ниет салык төлөөчүлөр теңдешсиз атаандаштыкка туруштук бере албай жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.

Кошмо жыйындын чечими

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат, ошондой эле Укук тартиби, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБ аймагынан кирген товарлардын агымын көзөмөлдөөнүн абалы каралды.

Буга бир катар депутаттардын Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын, ун азыктарынын жана башка күндөлүк керектелүүчү товарлардын эсепке алынбай киргизилип жатканы боюнча көтөргөн көйгөйү негиз болду.

Эл өкүлдөрүнө айрым салык төлөөчүлөр кайрылып, ички рыноктогу мындай теңдешсиз атаандаштыкка туруштук бере албай калышканын айтып даттанышкан. Өкмөттөн тиешелүү жоопту жетекчилер жыйынга келбей калып, бул эки комитет маселени күзүндө экинчи ирет кароо чечимин кабыл алды.

Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

Парламенттин Укук тартиби, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин төрайымы Наталья Никитенко мунун себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«​Ири көлөмдөгү эсепке алынбаган товарлар өлкөгө кирип, анын салыгы казынага түшпөй калууда. Бул калктын аялуу катмарына таасирин тийгизет. Ошондуктан бул маселени биз бир эле ирет комитеттин деңгээлинде карап, ошол боюнча унутуп койбошубуз керек. Маселени парламенттин жалпы жыйынынын деңээлинде карашыбыз зарыл. Ошондуктан депутаттар октябрь айына чейин аны күн тартибине кайрадан киргизүүнү сунуш кылышты. Анда комитет берген бардык табыштамалар боюнча өкмөт жана тиешелүү укук коргоо органдары күзүндө келип, көзөмөлдү күчөтүүнүн жыйынтыгы боюнча толук отчет берсин деген пункт киргизилди».

Айрым маалымат сайттары депутат Искендер Матраимов «аткаминерлер даярданып алышы үчүн» аткезчилик боюнча маселени кароону күзгө калтырууну сунуштаганын жазып чыгышкан. Анда өкмөт эл өкүлдөрүнө күзүндө келип жооп берүүгө мүмкүнчүлүк алганы сынга алынган. Бирок жыйынды алып барган комитет төрайымы Наталья Никитенко кошмо жыйындын чечими бурмаланып жазылганын белгиледи.

Искендер Матраимов
Искендер Матраимов

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов мындай олуттуу маселени кароону күзгө жылдырууга жеке кызыкчылыгы жок экенин айтып, өкмөт өкүлдөрүнүн жооп берүүгө даяр эместиги бул маселеге экинчи ирет кайрылып келүү сунушун киргизүүгө негиз болгонун айтты:

«​Комитеттин жыйынындагы сөзүмдү «Vesti kg» сайты бурмалап жазганын окуп калдым. Эгерде стенограмманы көтөрсө ал жерде мен бир топ суроолорду бергем. Эсепке алынбаган товарлардын салык төлөнбөстөн Кыргызстанга кирип жатканын көзөмөлдөө чаралары боюнча суроолорума канааттандырарлык жооп алган жокмун. Жыйын соңунда «анда бул маселеге жооптуу өкмөттүн өкүлдөрү кийинкиге даярданып келип, толук отчет берсин» деген сунушту айткам. Анткени эсепке алынбаган товарлардын кесепетинен улам салыктардын азайып кеткени боюнча бир топ суроолорго өкмөт өкүлдөрү жооп берүүгө даяр эмес экен. ЕАЭБ аймагынан кирчү товарлар чек ара кызматы менен салык кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошого байланыштуу башка депутаттардан да муну жогорку деңгээлде караш керек деген сунуштар түштү. Ошол сунуштарды эске алуу менен "бул маселе боюнча күзгө жакшыраак даярданып келгиле" деген таризде эле айттым».

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылдын өткөн төрт айында былтыркы жылдын алгачкы төрт айына салыштырганда, салыктар жана жыйымдар 1,1 млрд. сомго аз жыйналган. Мамлекеттик салык кызматы муну сезондук көрүнүш катары мүнөздөп, алты айдын жыйынтыгы боюнча абал оңоло турганын убада кылган.

Бирок Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркинбек Сазыков ЕАЭБ аймагынан эсепке алынбаган товарлардын кириши салык чогултууга таасир этип жатканын кошумчалады:

«​ЕАЭБ аймагынан келген товарлар бизге кирип жатканда аларды чек арадан текшерип чыкканга бир да мамлекеттик органдын укугу жок. Себеби Бажы биримдигинин талабы ошондой. Импортер товарларды алып келе жатып, чек арадан көргөзгөн документтерине эле биз ишенүүгө милдеттүүбүз. Каттоодон өтүп, товарларын сатып бүткөндөн кийин бир айдын ичинде салык органына келип, салык төлөө мүмкүнчүлүгүн алган. Бирок айрым салык төлөөчүлөр ошол боюнча жок болуп кеткен учурлар бар. Бирок биздин салык органдар андай ишкерлерди издеп таап, жазана салып, көзөмөлдөөнү күчөтүү аракеттерин көрүшөт. Бирок ушул жагдай салыктарды натыйжалуу чогултууга таасирин тийгизет. Мурда чек арадан кирип жатканда эле ишкердин товарлары каттоого алынып, салыгы төлөнчү. Ошондуктан алар салыктан кача алчу эмес».

Чийки мыйзамдын кесепеттери

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев мыйзамсыз кирген товарлар атамекендик өндүрүшчүлөрдү ички рыноктогу теңдешсиз атаандаштыкка дуушар кылып, жабылууга алып келип жатканын белгиледи:

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

«​Мисалы, Орусия менен Казакстан сыяктуу ЕАЭБ аймагынан мыйзамсыз кирген товарлардын агымына ээн-эркин жол ачып берип жатабыз. Азыр биздин базарлар менен дүкөндөрдө ЕАЭБ аймагынан кирген импорттук товарлардын көлөмү 80 пайызга чукулдап калды. Ал товарлардын канчасынын кошумча нарк салыгы төлөнүп жатканы белгисиз. Мунун айынан биздин атамекендик өндүрүш ишканалары салыгы төлөнбөй сырттан кирген товарлардын айынан, катаал атаандаштыкка туруштук бере албай жабылып жатат. Биз ушул кесепеттерди жоюу үчүн сырттан мыйзамсыз кирген товарлардын агымын көзөмөлдөөнү жөнгө салышыбыз абзел».

Парламенттеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Максат Сабиров бул көйгөйдү Кыргызстан ЕАЭБ уюмуна кирип жатканда чийки иштелип чыккан келишимдин кесепеттери катары мүнөздөдү:

Максат Сабиров
Максат Сабиров

«​Ошонун айынан эсепке алынбаган күндөлүк керектөөдөгү азык-түлүктөр - сүт азыктары, суусундуктар, чай, өсүмдүк майы сыяктуу товарлар бизге чексиз киргизилип, биздин рынокту басып алды. Өзүбүздүн товарлар атаандаштыкка жарамсыз болуп жатат. Ушул жагдайлар биз ЕАЭБ уюмуна кирип жатканда эске алынган эмес. Эгерде ошолор келишимде жана башка укуктук документтерде толук эске алынганда азыркыдай көйгөйлөр чыкпайт эле. Салык чогултуу да азыркыдай оор болмок эмес. Мунун бардыгы документтерди иштеп чыгуу учурунда кетирилген калпыстыктардын натыйжасы».

Кыргызстан 2015-жылы Орусия, Беларус, Казакстан, Армения мүчө болгон ЕАЭБ уюмуна кирген. Бул уюмдун келишиминде бажы көзөмөлү жоюлуп, ЕАЭБ аймагында товарлардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүгүртүлүшү каралган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG