Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

АКШда атактуу автоунаа ойлоп табуучу Лидо Энтони Якокка көз жумду


«Ford Mustang».
«Ford Mustang».

АКШдагы Американын эң атактуу автоунаасы - «Ford Mustang» машинесин ойлоп табуучуларынын бири, «Ford» жана «Chrysler» компанияларынын мурдагы топ-менежери Лидо Энтони Якокка 94 жашында дүйнөдөн өттү.

«Washington Post» гезитинин маалыматына караганда ал Паркинсон дартынан жабыркап жүргөн.

Пенсилванияда төрөлгөн Якокка ишмердигин «Ford» компаниясында инженер болуп баштаган. 1960-жылдардын башында инженер Дональд Фри жана дизайнер Филипп Кларк менен бирге «Mustang» автоунаасын жасашкан. 1970-жылдары «Pinto» автоунаасын ойлоп тапкан.

«Ford» компаниясынан кетип, «Chrysler» ишканасына өткөн Якокка 1980-жылдары компанияны банкрот болуудан сактап калганы айтылат.

Өмүрүнүн соңку күндөрүн Лос-Анжелесте өткөргөн Якокка «Менежердин карьерасы» аттуу китеп жазып, ал дүйнөлүк бизнес адабиятынын бестселлерине айланган.

XS
SM
MD
LG