Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

«Ата конуш» тасмасы Стамбулда биринчи орунду алды


Гүлнара (чаар-ала кийимчен) сыйлыгы менен.
Гүлнара (чаар-ала кийимчен) сыйлыгы менен.

Кыргызстандык Гүлнара Айтмаматова тарткан «Ата конуш» аттуу даректүү тасма Стамбулда «TRT Gelececin iletişimcileri» аттуу кинофестивалда 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» режиссер өзү кабарлады.

- Бул менин чет өлкөдөгү эң биринчи жеңишим болду. Калыстар биздин фильм жогорку деңгээлде тартылганын айтышты. Анан дагы эки жерден иштешүүгө сунуш түштү, - деди Айтмаматова.

Тасма Нарын облусунун эң суук Өрүк-Там айылында тартылган. Учурда бул айылда кыркка жакын үй-бүлө жашайт. Жашоо-шарты оор. Мектеп да начар абалда.

Даректүү тасмада анда жашаган үч муундун ортосундагы байланыш тууралуу сөз болот. Алар чоң ата, анын уулу жана небереси.

Аксакал ата конушун таштай албай -35 градус суукта мал багат. Баласы да атасын таштап кете албайт. Небереси болсо тескерисинче, шаарга, жаңы жашоого, билимге умтулат. Айылда болсо жаштардын баары шаарга кетип, жалаң карыялар калган.

Стамбулда өткөн даректүү тасмалар сынагына жалпысынан 1026 режиссер катышып, он тасма финалга чыккан. Бул фестиваль 2015-жылдан бери жыл сайын өтүп келет. (ZA)

XS
SM
MD
LG