Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Оренбургдагы жол кырсыгынан каза тапкандардын саны төрткө жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург аймагындагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты.

Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кырсык тууралуу маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да ырастады.

Санкт-Петербург шаарынан Кыргызстанды көздөй жеңил машинеде жолго чыккан кыргызстандыктар 7-июлга караган түнү Тоцкое кыштагында кырсыкка учураган.

Элчилик каза болгондордун баары Кыргызстандын жарандары экенин аныктады. Учурда Оренбургдагы консул жергиликтүү органдар менен иштешип жатканы, маркумдардын сөөгү шейшембиде мекенине жибериле турганы кабарланды.

Буга чейин кырсыкта үч киши окуя болгон жерде мүрт кеткени, бирөө ооруканада экени айтылган.

XS
SM
MD
LG