Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Америкалык сенатор орусиялык FaceApp тиркемесин кооптуу деп эсептейт


Орусияда иштелип чыккан FaceApp фото-тиркемеси АКШнын улуттук коопсуздугуна жана колдонуучулардын жеке маалыматтарына коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мындай ою менен Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер бөлүштү. Саясатчы Федералдык иликтөө бюросуна (ФБР) жолдогон катында тиркемени текшерип чыгууну сурады.

Шумер тиркемени пайдалангандардын сүрөттөрү жана жеке маалыматтары келечекте алардын уруксаты жок эле колдонулушу ыктымал деп эсептейт.

Адамды улгайтып көргөзгөн бул программаны иштеп чыккан орусиялык компания сүрөттөрдүн көбү 48 сааттын ичинде серверден жок кылынарын, кардарлардын маалыматтары башка адамдарга же уюмдарга берилбесин билдирди.

Жасалма интеллекттин негизиндеги FaceApp тиркемеси 2017-жылы пайда болгон. Адамдын жүзүн карытуудан тышкары, анын жардамы менен жылмайтып, чачтарынын түсүн өзгөртсө болот.

XS
SM
MD
LG