Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

“Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерлери ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” эл аралык аэропортунун он кызматкери тамакка ууланып ооруканага кайрылды.

Маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаков “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, аба майдандын кызматкерлери уулануунун белгилери менен 20-июлда кайрылган.

Алардын ичинен эки кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлдү. Учурда жети киши ооруканада. Исаков уулангандар аэропорттун аймагындагы “Экипаж” кафесинен тамактанган.

“Муздаткычтары иштебейт экен. Ошол жердеги ашпозчу, официанттар медициналык кароодон өткөн эмес. Чийки эт менен бышкан эт, азык-түлүк бири-бирине жанаша турбашы керек. Бул режим жана өздүк гигиена сакталган эмес. Идиш-аяк, ал жерде иштегендердин колдорун текшергенде жугуштуу микроб, ичеги-карын палочкалары аныкталган”.

Учурда аталган кафе жабылып, кемчилик жоюлмайынча алардын иштешине тыюу салынды. Ага 5,5 миң сом айып пул салынды. Топтолгон материалдар прокуратура органдарына тапшырылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG