Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:19

Подмосковье: авариялык жагдайда конгон учакта 23 адам жабыркады


Авариялык шартта конууга аргасыз болгон учак.

Орусиядагы «Урал авиалиниялары» компаниясына таандык Москва-Симферополь каттамындагы «Airbus A321» үлгүсүндөгү учак авариялык жагдайга кабылып, Подмосковьеде жүгөрү талаасына конууга аргасыз болду. Анын ичинде экипаждын мүчөлөрүн кошо эсептегенде 234 адам болгон. Кырсыкта 23 адам жаракат алды, алардын арасында балдар да бар.

Авикомпания кырсыкты учактын кыймылдаткычына чымчыктар кирип кеткени менен байланыштырды жана анын айынан кыймылдаткычтардын биринде өрт чыкканын билдирди. Учак Москвадагы Жуков аэропортунан Орусия аннексиялап алган Крымды көздөй учуп бараткан.

Кырсыктаган учактын заводдон чыкканын 16 жыл болгон. «Урал авиалиялары» аны 2011-жылдан тартып пайдаланып жаткан.

Орусиянын Тергөө комитети бул окуяга байланыштуу «учуу коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу чукул кырдаалда «укмуштуудай чебердик жана чыдамкайлык» көрсөткөнү үчүн учактын экипажына ыраазычылык билдирди.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG