Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:27

Трамп: G7 саммитинде Орусияны кызуу талкууладык


G7 саммити. 25-август, 2019-жыл.

«Чоң жети» уюмунун бүгүн Францияда өтүп жаткан саммитинде Орусия темасы да талкууланды. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.

Ал орус президенти Владимир Путин кийинки cаммитке чакырылабы же жокпу, аны билбей тургандыгын, бирок андай болушу толук ыктымал экенин айтты. Орусия боюнча Трамп андан башка эч нерсе айткан жок.

- Мен аны билбейм. Биз талкууладык. Орусия жана орус президенти Путин боюнча абдан жакшы, кызуу талкуу болду, - деди ал.

«Чоң жети» (G7) уюмуна Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет. 2014-жылга чейин анын курамында Орусия да бар болчу. Крымды аннексиялап алгандан кийин бул өлкө уюмдан чыккан.

АКШнын президенти Трамп Орусияны кайра кошуу туурасында буга чейин бир нече жолу демилге көтөргөн. Бирок ага уюмдун айрым башка мүчөлөрү каршы.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск азырынча Орусияны жыйындарга чакыруунун зарылчылыгы жок экенин айтып, анын себебин бул өлкө либералдык демократия жана мыйзам үстөмдүгү жолуна түшө электиги менен байланыштырган. Тусктун пикиринде, G7 кийинки саммитке Орусияны эмес, Украинаны чакырганы туура болот.

«Чоң жетинин» бүгүнкү саммити АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу күчөп, Улуу Британияда Брекзит өнөктүгү кезектеги чечүүчү этабына келип, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү актуалдуу маселеге айланып турган чакта өтүп жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG