Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Жайыл районунда 5 миллион сомду уурдоо боюнча шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жайыл районундагы Бөксө-Жол айылындагы үйлөрдүн биринен 5 миллион сомду жана 12 миң долларлык алтын буюмдарды уурдоо боюнча шектүү эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, аталган айылдын 60 жаштагы тургуну үйүндөгү акчасын, үйүнүн документтерин жана баалуу буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, быйыл апрель айында милицияга кайрылган. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») боюнча катталып, тергөө башталган.

Натыйжада кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 25 жана 34 жаштагы тургундары колго түштү. Шектүүлөр Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Издеп, иликтөө иштерин ИИМдин Ысык-Көл облустук, Жайыл райондук жана Бишкек шаардык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери чогуу жүргүздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG