Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Нур-Султан: митингде кармалгандардын баары коё берилди


Нур-Султанда айрым жарандар 21-сентябрда өкмөткө каршы митингге чыккан.
Нур-Султанда айрым жарандар 21-сентябрда өкмөткө каршы митингге чыккан.

Казакстан баш калаасында, полиция 21-сентябрда митингге чыкккан элүүдөй адамды кармаган. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Ички иштер министрлигинде өткөн брифингде Нур-Султан шаардык полиция департаментинин башчысы Ерлан Саденов кабарлады. Ага ылайык, кармалгандардын төртөөнө административдик айып салынгандан кийин, калгандары профилактикалык сүйлөшүүдөн соң коё берилген.

Буга чейин бийлик өткөн ишембиде Нур-Султан менен Алматы шаарларында «уруксат берилбеген митингге катышты» деген айып менен 60 чакты адам кармалганы тууралуу расмий билдирүү тараткан. Бул күнү өкмөткө каршы нааразылык акцияларына чыгууга коңшу өлкөдө экстремисттик деген негизде тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери, 2009-жылдан бери чет жакта бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязов үндөгөн.

Башкы прокуратура анын алдында «уруксат берилбеген митингдерге катышуу мыйзамсыз экенин» эскертип, ага катышкандар жазаланарын билдирген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары казак өкмөтүн социалдык, саясий маселелерди көтөрүп чыккан активисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырып келет. Ал эми Батыш мамлекеттери расмий Нур-Султанды жарандарды негизсиз кармоону токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG