Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Ооганстан: тойдогу чабуулдан 35 киши өлдү


Аба соккуларынан мүрт кеткендердин сөөктөрүн жакындары алып баратышат. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Аба соккуларынан мүрт кеткендердин сөөктөрүн жакындары алып баратышат. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстандын Гилменд провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн той өтүп жаткан үйгө урулган соккусунан 35 карапайым тургун мүрт кетип, 13ү жаракат алды. Окуя 22-сентябрь күнү кечинде, атайын кызматтын адамдары «талибдер жанкечтилерди даярдайт» деп шек туудурган үйгө чабуул койгон маалда болгон.

Үйлөнүү тоюна барып, ырдап-бийлеп, эки жашты куттуктап кетүүнү көздөгөн 35 карапайым тургун өкмөт күчтөрүнүн күтүүсүз аба соккусунан курман болду. Ооган расмий бийлигинин өкүлдөрү билдиргендей, үлпөт өтүп жаткан үйдүн жанында талибдер жанкечтилерди даярдаган имарат жайгашкан. Жекшемби күнү кечинде өкмөттүк күчтөр бул имаратка чабуул коюшкан. Америкалык күчтөр чабуул маалында «Талибан» кыймылынын 22 согушкери жок кылынганын билдиришти. Провинция губернаторунун басма сөз катчысы 14 жоочу, анын ичинде алты чет элдик согушкер өлтүрүлгөнүн ырастады. Ал ошондой эле карапайым тургундардын өлүмү иликтенерин кошумчалады. Коргоо министрлигиндеги жогорку даражалуу аткаминер рейд «террордук чабуулдарды уюштурууга тиешеси бар чет элдик экстремисттик топко» каршы жүргүзүлгөнүн айтты. «Операция маалында террорчулардын курал-жабдыктары сакталган чоң кампа да жок кылынды», - деп кошумчалады ал. Маалым болгондой курман болгон жоочулардын арасында беш пакистандык жана Бангладештин бир жараны болгон. «Талибан» кыймылы тараткан билдирүүдө үйлөнүү тоюна барган бир нече жайкын тургун жана ооган күчтөрүнүн 18 өкүлү чабуулда мүрт кеткени белгиленет. Бул окуяга чейин, өткөн аптада Нангархар провинциясында дрон менен коюлган чабуул талаада иштеп жаткан 30дай жай тургундун өмүрүн алган.

«Талибандын» делегациясы Кытайга барды

Ал арада талибдердин басма сөз катчысы Сухаил Шахин кыймылдын делегациясы 22-сентябрда Кытайдын Ооганстандагы атайын өкүлү менен Бээжинде жолугуп, топ менен Кошмо Штаттардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулаганын билдирди. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«“Талибан” делегациясынын лидери Мулла Барадар алар жакшы диалог жүргүзүшкөнүн жана кеңири макулдашууга жетишкенин айтты» - деп жазды Шахин. Дүйшөмбүдө Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ген Шуан Барадар бир нече жардамчысы менен Кытайга барганын ырастады.

«Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү кызматкери Барадар менен Ооганстандагы азыркы кырдаалды, бул өлкөдө тынчтык орнотуунун жолдорун талкуулашты» - деп айтты Ген. Кытайдын батышындагы Шинжаң автономдук району Ооганстан менен чектешет.

«Талибан» кыймылынын жетекчисинин орун басары Мулла Барадар. Москва, 28-май. 2019-жыл.
«Талибан» кыймылынын жетекчисинин орун басары Мулла Барадар. Москва, 28-май. 2019-жыл.

Президенттик шайлоонун алдында чабуулдар күч алды

28-сентябрда Ооганстанда 2001-жылы «Талибан» кыймылы бийликтен АКШ башында турган күчтөрдүн жардамы менен кулатылгандан кийинки төртүнчү президенттик шайлоосун өткөрөт. Бул ирет жогорку кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. Бирок талдоочулардын баамында негизги атаандаштык азыркы аткаруучу өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулла менен учурдагы президент Ашраф Ганинин ортосунда болот. Шайлоо комиссиясынын өкүлү Абдул Азиз Ибрахими шайлоого даярдык 100 пайыз экенин белгиледи.

Ооганстандын президенттигине талапкер, аткаруучу өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулла. Кабул, 16-сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстандын президенттигине талапкер, аткаруучу өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулла. Кабул, 16-сентябрь, 2019-жыл.

Саясат талдоочулар өлкөдөгү соңку кырдаалдан жана коопсуздук маселелеринен улам, шайлоочулар добуш берүүгө барбай коюшу мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Ооганстандын өз алдынча шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2018-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 39% гана катышкан. Ал эми 2014-жылы өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 58% же добуш берүүгө укуктуу тогуз миллион гана жаран өз тандоосун жасаган.

Быйыл августта Ооганстандын ачык шайлоо фонду жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, добуш берүүгө укуктуулардын 43% гана шайлоого баруу ниетин билдиришкен. «Талибан» кыймылы өлкөдөгү 400 райондун дээрлик жарымын көзөмөлдөйт. Бийлик бул аймактардагы эки миңдей шайлоо бекети ачылбай турганын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG