Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Трамп БУУнун жыйынында Иран маселесин козгойт


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынындагы сөзүндө Иран башкы маселе болорун айтты. Ал 23-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

- Биз азыр аларга (Иранга) мурда болуп көрбөгөндөй басым көрсөтүп жатабыз. Иранга байланыштуу силер билгенден да, жалпыга маалымдоо каражаттары айтып-жазып чыккан жагдайлардан да башка бир топ нерселер болуп жатат, - деди.

Мунун алдында Британиянын, Франциянын жана Германиянын лидерлери Иранды «чагымга алдырып, кырдалды курчутпоого, кепке-сөзгө келүүгө» чакырышкан.

Дональд Трамп бийликке келгенден бери Вашинтондун Тегеранга карата саясаты өзгөргөн. Эки өлкөнүн мамилесинин курчушуна былтыр май айында Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтондун чыгып кеткени негиз болгон. Буга байланыштуу АКШ Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизген, Тегеран ага жооп катары келишимдеги милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG