Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:07

Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак 86 жашында көз жумду


Франциянын экс-президенти Жак Ширак.
Франциянын экс-президенти Жак Ширак.

Бул тууралуу «France-Presse» маалымат агенттиги анын үй-бүлөсүнө таянып кабарлады. Күйөө баласы Фредерик Салат-Барунун айтымында, Ширак 26-сентябрда үйүндө көз жумган. Ал экс-президенттин өлүмүнүн себептери тууралуу кеңири айткан жок.

Жак Ширак өлкө башында 1995-жылдан 2007-жылга чейин турган. Ал президенттикке чейин Париждин мэри, өкмөт башчы болуп иштеген.

Эл аралык коомчулук Жак Ширакты 2003-жылы АКШнын Ирактагы аскердик операциясына каршы чыккан саясатчы катары билишет.

2005-жылы саясатчы оор инсультка кабылган. Андан кийин да бир нече ирет ооруканага түшкөн.

XS
SM
MD
LG