Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Ашраф Гани: Ооганстанга бир эле президент керек


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани «Азаттыктын» ооган кызматынын суроолоруна президенттик шайлоону утурлай учкай жооп берди. Ал анда өлкө азыр «эки эмес, бир гана президентке муктаж» деп билдирди.

Бул шайлоодо да Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы, азыркы өкмөт башчы Абдулла Абдулла теңтайлашып жатат.

Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, «ит жыгылыш» болгон. АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен бийлик бөлүштүрүлүп, бири президент, экинчиси бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болууга көнүп, мунасага келишкен эле. Бирок ошондон бери Гани менен Абдулланын тиреши токтой элек.

Ашраф Гани «Азаттыктын» ооган кызматындагы маегинде башкы саясий атаандашы Абдулла Абдуллага байланыштуу суроолорго жооп берди. Ал өлкө мындан ары улуттук биримдиктеги өкмөткө муктаж эмес экенин бийликтеги тирешти токтотуу үчүн буга чейинкидей ортомчуларга зарылчылык жок экенин айтты:

- Жарандык согуш жок. Биздин улуттук коопсуздук күчтөрүбүз толугу менен бейтарап. Алар - мыйзамдын коргоочулары жана мурдагыдай коркунуч, алаамат азыр жок.

Ашраф Гани эгер Абдулла Абдулла добуш берүүдөн кийин анын жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкса, мыйзамга ылайык жооп болорун белгиледи. Эгер шайлоодо атаандашы утуп кетсе, анын жеңишин кабыл аларын бышыктады.

Ашраф Ганини Абдулла Абдулла баш болгон саясий атаандаштары «кызмат абалынан пайдаланды», «административдик ресурс колдонду» жана «шайлоонун жыйынтыгын бурмалашы ыктымал» деп айыптап келишет. Гани болсо бул айтылгандардын баары курулай доомат деп эсептейт.

- Бурмалоо аныкталып-такталышы керек. Мен жөнсүз-ыксыз билдирүү жасаган адам эмесмин. Эгер чындап эле көз боёмочулук болсо бизде Шайлоо боюнча нааразылыкты териштирген комиссия, дагы башка жолдору бар, жөн эле доомат арта бербеш керек, - деди ал.

Ооганстанда соңку президенттик шайлоо 2014-жылы өткөн. Анда да негизги кармаш Ашраф Гани менен Абдулла Абдулланын ортосунда болгон. Шайлоонун экинчи айлампасында Гани утуп чыкканда Абдулла аны «көз боёмочулук кылды» деп айыптап чыккан. Анын тарапташтары калайман нааразылык акцияларын өткөрүүгө убада беришкен.

Өлкөнүн жарандык согушка кептелип калышынын чочулаган АКШ баштаган эл аралык коомчулук бул жагдайда ортомчулук кылган. Натыйжада бириккен улуттук өкмөт түзүлүп, Абдулла Абдулла аны жетектегенге көнгөн. Бирок экөө ошондон бери эле тирешип келатат.

Абдулла Абдулла 26-сентябрда «Associated Press» маалымат агенттигиндеги маегинде Ганини административдик ресурска байланыштуу айыптады:

Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

- Мени эң кооптондурган нерсе - бул добуштардын жапырт бурмаланышы. Ал адамдарды менталитетине, көз карашына, демократиялык жараянга таасир этет. Эгер биз таза шайлоо өткөрө албасак, анда биз бара турган башка жолубуз барбы?

Ооганстанды президенттик шайлоо 28-сентябрда өтөт. Ага жалпысынан 18 талапкер ат салышып жатат. Эгерде бир да талапкер жетиштүү добуш ала албай калса, шайлоонун экинчи айлампасы 23-ноябрда өтмөкчү.

Айрым байкоочулар «Талибан» кыймылы шайлоону утурлай чабуулду күчөткөндүктөн жана өлкөдөгү соңку жагдайдан улам жарандар добуш берүүгө барбай коюшу ыктымал экенин да айтып жатышат. Жоочулардын кол салуусунан чочулап, 28-сентябрда жети миң добушкананын эки миңдейи ачылбай турганы белгилүү болду.

2014-жылкы президенттик шайлоодо шайлоочулардын 60тай пайызы добуш берген. Ооганстандагы жагдай АКШ «Талибан» кыймылы менен 18 жылдан берки согушту токтотуш үчүн тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү биротоло токтотуп койгондон кийин да татаалдашты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG