Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:09

ЖК: Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын 5-6 мүлкү сатылып кеткен


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Эгемендикке ээ болгон жылдар аралыгында Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына тийиштүү болгон 5-6 мүлк сатылып кеткен. Бул тууралуу парламент жыйынында кеп болду.

Депутаттар бүгүн, 2-октябрда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулап жатат. Сатылып кеткен мүлктүн ичинде «Достук» мейманканасы бар экени айтылды. Учурда анын 54 пайызы федерацияга караштуу болсо, 46% жеке жактарга сатылып кеткен. Мындан сырткары «Спартак» стадиону жана анын кичи аренасы, эки турбаза бар. Учурда жалпысынан анын 34 кыймылсыз мүлкү каттоодо турат.

Депутаттар кесиптик кошуундарды «ишин ачык-айкын жүргүзбөйт» деп сындашууда.

1-октябрда Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында нааразылык акциясы өткөн. Анда Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбооруна каршылык айтылган. Кесиптик кошуундардын өкүлдөрү депутаттар алардын пикирин эске албай жатканын, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса эмгекчилердин кошуундарга биригүү укугу чектелип, мүчөлүк төлөмдөрдү аныктоо укугу өкмөткө өтөрүн айтып жатышат.

Мыйзам долбоорунун авторлору болсо 1998-жылы кабыл алынган мыйзам моралдык жактан эскирип бүткөнүн жүйө келтирип жатышат.

СССР кыйрагандан кийин Кыргызстандагы кесиптик кошуундарга абдан көп мүлк мураска калган. Алардын катарында «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Кыргызстан» санаторийлери, «Ала-Тоо» эс алуу үйү, Жыргалаң, Жети-Өгүз, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Арсланбаб курорттору, «Байсоорун», «Улан» пансионаттары, «Достук» мейманканасы, Бишкектеги жана Оштогу турбазалар бар. «Спартак» стадионунун кичи аренасы, Ала-Арча, Ала-Тоо альплагерлери, «Сары-Челек» турбазасы, Ысык-Көлдөгү «Кырчын» лагери, Өзгөн районундагы «Салам-Алик» эс алуу жайы сыяктуу кирешелүү жайлар кесиптик кошуундардын колунан чыгып кеткен. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG