Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Умтул Орозованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү


Умтул Орозова. Сүрөт «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин расмий сайтынан алынды.
Умтул Орозова. Сүрөт «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин расмий сайтынан алынды.

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы жетекчиси, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, телережиссёр жана коомдук ишмер Умтул Орозованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

79 жаш курагында дүйнө салган Умтул Орозова Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган соң эмгек жолун «Комсомолец Киргизии» гезитинин кабарчысы болуп баштаган.

1967-жылы Москвадагы Театралдык институттун режиссура факультетин аяктап келгенден кийин Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине режиссёр кызматына орношкон. Бул мекемеде башкы режиссёр, төраганын орун басары болуп иштеген.

Кийин, 1980-1985-жылдары Умтул Орозова Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин маданият бөлүмүн, андан соң социалдык-маданий мекемелер бөлүмүн жетектеп турган.

1985-жылы Мамлекеттик телерадиокомитеттин төрайымы болуп дайындалган.

1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Орозовага 1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангы ыйгарылган.

2008-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Маркум тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган некрологдо Умтул Орозова көптөгөн жаш адистерге жакшы үлгү болгону, ал мыкты жетекчи, чынчыл, кайрымдуу жана эмгекчил инсан катары эсте калары белгиленди.

XS
SM
MD
LG