Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Чымкентте дарыгер мыйзамсыз трансплантациялоого айыпталууда


Буга чейин ушул иш боюнча шаардык оорукананын бир дарыгери камалган.
Буга чейин ушул иш боюнча шаардык оорукананын бир дарыгери камалган.

Казакстанда Чымкент шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай 19-ноябрда камакка алынды. Ички иштер министрлиги аталган ооруканада чет өлкөлүк бейтаптардын бөйрөгүн алмаштырганда донор органдар башка мамлекеттерден мыйзамсыз алынып келип турганын билдирди. Абылай Донбай "адамдын органын мыйзамсыз алмаштырган" жана "трансулуттук кылмыштуу топко аралашкан" деп шектелип жатат.

Тергөө материалдарына ылайык, 2017-2018-жылдары "кынык алган топ" негизинен Израилден келген бейтаптарга "көр оокаттын айынан бир бөйрөгүн сатууга аргасыз болгон" Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Украинанын жарандарынын бөйрөктөрү мыйзамсыз салынган. Буга чейин ушул иш боюнча эки адам, анын ичинде бир дарыгер камакка алынган.

XS
SM
MD
LG