Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев «Азаттыктын» иликтөөлөрүндө сөз болгон, өлкөдөн күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткен 700 млн. доллар ишкерлердин акчасы деп эсептей турганын айтты.
Бул тууралуу ал 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
- Кыргызстанга бир жылда кеминде 2,5 млрд. долларга импорттук товар келет. Азыркы эсеп менен бизде 16 миңге жакын бизнес бар. Менин жеке оюмда 700 млн. доллар товар алууга жөнөтүлгөн акча болуп жатат окшойт. Муну эми укук коргоо органдары да карап чыгышса керек, - деди Торутаев.
Бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев «Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 700 млн. доллардын өлкөдөн ар түрдүү банктар аркылуу чыгарылып кеткени боюнча материалдар июнь айында «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» кылмыш белгилери боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтты.
Анын маалыматына караганда, Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саймаитинин акча которушу боюнча документтер алынып, жыйынтыгында 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд. 602 млн. сом кошумча түрдө киреше салыгын төлөтүү боюнча чечим чыккан.
Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Саймаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ага «Өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу» деген айып коюлуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун сентябрдагы токтому менен камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган.
Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.
«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.
Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкуу жаратып, жарандар бийликти бул иликтөөгө реакция кылууга чакырып, паракорлорду камоо талаптарын коюшууда. (BTo)