Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Шыкмаматов: Отунбаева элет элин кемсинтейин деген эмес


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Элет жери үчүн күйгөн экс-президент Роза Отунбаева айылдыктарды кемсинтейин деп эч убакта ойлобойт. Мындай пикирин бүгүн «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Роза Исаковнанын айтканы боюнча коомчулуктун реакциясын көрүп алып зээним кейиди. Ал жыйында мен да бар болчумун. Айткандарынын жалпы контекстинен бир сөздү сууруп алып, жамандап жаткандарга таң калам, - деди Шыкмаматов.

Ошону менен катар ал «Ар бир айкөл, эстүү, сабырдуу адамга «Кантип эле ошентсин, балким, эмоцияга алдыргандыр?» деген ой келиши керек экенин белгиледи.

- Кантип эле Роза Исаковна айылдыктарды кемсинтейин десин?! Ал жайлоолорго канча деген бала бакча ачтырып, канча деген китептерди кыргыз тилине котортуп, өзүнүн фонду аркылуу дайыма элет жерине жардам берип, кыдырып жүрбөйбү. Болгону ал эмоция менен айтып алды. Анын сөзүнүн төркүнүндө «бөлүнбөйлү, топ-топ болуп мамлекеттик институттарга буйрук берүү туура эмес, искусствонун тили башка» деген ойдун тегерегинде чакырык болгон.

Шыкмаматов «Роза Исаковна деле адам. Аны үстөккө-босток эл душманына айлантып, Интернеттеги социалдык түйүндөр жазып жатса эмоцияга алдырды да» деп кошумчалады. Экс-президентти айыптап жаткандарды контрабанда, миграция, чет жакка иштеп кетүүгө мажбур болгон кыз-келиндер көйгөйүнө көңүл бурууга чакырды.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укугун коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Отунбаева 3-декабрда Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында сөз сүйлөп, ушул темага да кайрылган. Ал музейдин директору маданият, маалымат жана туризм министрине басым болгондуктан иштен алынганы үчүн кейип, «Эмне үчүн мындай басым болушу керек?» деген суроо койгон.

«Мен айрым экспонаттарды, музейдеги жылаңач фигураларды колдобойм. Бирок зор тажрыйбасы бар, өлкөнү өзгөртөм деген адамды ушинтип ыргытып салуу кантип болсун? Заманбап искусство деген бар. Макул, Даниядан келген сүрөтчү денесин сатып иштеген кыздарды ошондой эпатаждык формада көрсөтүптүр. Бирок канча деген эркектер ошол кыздарды пайдаланып жүрбөйбү? Ал кыздар ошентип жашоосуна акча таап жүрөт. Биз аялдар, алар үчүн күйүп жатабыз» деген Отунбаева азыркы урбанизация шартында айылдан шаарга келгендер көп болуп жатканын, бирок артка эмес, алдыга карай өнүгүү зарылдыгын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG