Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Отунбаева: Музей жетекчиси эмес, министр кызматтан кетиши керек эле


Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева музейдеги талаштан улам анын жетекчиси эмес, маданият, маалымат жана туризм министри өзү кызматтан кетиши керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 4-декабрда Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына берген интервьюсунда айтты:

- Азыркы чыр музейдеги иштен башталды да. Ал жерде эски менен жаңынын кагылышы болду. Түшүнбөстүк болду. Ошол окуя үчүн кызматтан музейдин башчысы эмес, министр өзү кетиши керек болчу, - деди Отунбаева.

Министр Азамат Жаманкулов буга азырынча комментарий бере элек.​

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укугун жактага 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасы башталган. Анда денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп сындагандар көбөйгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка нааразылык айтылган.

Мындан улам, 2-декабрда көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугунан улам деп, иштен кетүүгө арыз жазган. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон.

Министрлик искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болушун сындаган билдирүү тараткан.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG