Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Рысалиев президентти коштоп кетти


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу Бириккен Араб Эмираттарына кетти. Кабарды өлкө башчысынын басма сөз кызматы ырастады.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев президент баштаган делегациянын курамына кошулуп Бириккен Араб Эмираттарына кеткени 11-декабрда белгилүү болду.

Ал ушул жылдын август айында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде үй камагында калтырылган.

«Республика - Ата Журттун» лидеринин орун басары Талант Мамытов депутат фракциянын тапшырмасы менен кеткенин айтууда.

Анын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына кабарлаганына караганда, Рысалиев БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар жана башка бир катар араб өлкөлөрү менен парламент аралык достук тобуна «Республика - Ата Журттан» мүчө катары кирген.

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

- Анын үй камагында экени жана мындай бөгөт чарасынын шарттары тууралуу фракцияга тергөөчүлөрдөн расмий билдирүү түшкөн эмес. Депутат катары өз милдетин аткарып жатат. Буга чейин ал Кытайдагы ооруканалардын биринде дарыланып келген. Анда да тергөө органдарынан чектөө болгон эмес, - дейт Мамытов.

Ал арада Ички иштер министрлиги Зарылбек Рысалиевдин чет өлкөгө чыгышына чектөө жок экенин кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулованын «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, чектөө быйыл 2-ноябрда алынган.

- 2-ноябрда адвокаттын «Рысалиев чет жакта дарыланышы керек» деген өтүнүчү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы анын ден соолугунун абалын жана дарылануу зарылчылыгын эске алып, Кыргызстандан тыш жакка чыгуусуна чектөөнү алып салган, - деп түшүндүрдү ал.

Жазык кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт. Ал адамга кайсы бир жарандар менен кабар алышууга, күнү-түнү же күндүн анык учурунда турак жайынан жана соттун уруксаты жок административдик аймактын чегинен чыгууга тыюу салынат.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова Зарылбек Рысалиевди үй камагына алган соттун чечими атайын органдарга жетпей калганы үчүн ушундай кырдаал жаралышы мүмкүн деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Үй камагы деген бул түнкү саат ондон эртең мененки саат алтыга чейин үйүндө болушу керек деген сөз, - деди ал. - Күндүз ары-бери жүргөнгө чектөө коюлбайт. Соттун чечими ИИМге, Мамлекеттик чек ара кызматына келип түшпөшү мүмкүн. «Бирдиктүү терезе» деп коет. Ошол соттун чечими бардык органдарга бир убакта жетиши керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

Зарылбек Рысалиев фигурант болгон кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу Кыргызстандын саясатындагы өтө чуулгандуу иштердин бири болгон. Буга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакыруу аракети Кой-Таш окуясы менен аяктаган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен тушта Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган.

Бул иш беш жылдан кийин кайра козголуп, ошол кезде жогорку кызматты ээлеген бир нече адамга айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова камакка алынып, кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн үй камагына чыгарылган.

Рысалиевдин кадамы, парламентке айтылган сын

Айрым эксперттер үй камагына алынган Зарылбек Рысалиевдин чет өлкөгө кеткенин Конституциянын гаранты болгон өлкө башчысына «президенттик шайлоодо кызматы өткөнү» менен түшүндүрүүдө.

Эске сала кетсек, Зарылбек Рысалиев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмесинде 66-орунда илинип, партиянын тизмеси боюнча ар кандай себептерден улам 25-орунга жылган.

Бирок ал 2017-жылы шайлоо өнөктүгү башталган кезде фракциянын талапкерликке аттанган лидери Өмүрбек Бабановду ачуу сындап, бийликтеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду ачык колдогон.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын дагы бир депутаты Кенжебек Бокоев Рысалиевдин чет өлкөгө кеткенин ЖМКдан билгенин айтып, эл өкүлдөрүнүн ар бир туура эмес кадамы парламентке сынды күчөтүп жатат деген ойдо.

- Президент аны чакырдыбы же фракция жибердиби, билбейт экенмин. Мен деле эл катары басма сөздөн окудум. Бирок мен үй камагындагы кишинин расмий делегацияга кошулуп, чет өлкөгө кеткенин туура көргөн жокмун. Бул көрүнүш президентти ыңгайсыз абалда калтырып коюшу мүмкүн деп ойлойм. 120 депутаттын ичинен башкасы деле барса болмок. Элди да түшүнсө болот. «Жөнөкөй жаран үй камагына алынса сыртка чыгат беле? Көрдүңөрбү, депутатка мыйзам иштебейт экен» деп кайра эле парламентке сөз тийип жатат. Мен буга президенттик администрациядан түшүндүрмө болот деп ойлойм.

Буга чейин, сентябрь айында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин Базар-Коргон районунун Акман айылындагы жердештери менен жолугушууга барган.

Текебаевди Ош-Бишкек жолунун боюнан 1-сентябрдын кечинде тосуп алышып, 2-сентябрда ал туулуп-өскөн айылында түлөө өткөргөн.

Саясатчы анда Жалал-Абадга барыш үчүн соттон уруксат алганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG