Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Иликтөөнүн изи, Матраимовдордун доосу


Искендер Матраимов (солдо) жана Райымбек Матраимов.
Искендер Матраимов (солдо) жана Райымбек Матраимов.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

«Медиа Полиси» институтунун билдирүүсү

«Медиа Полиси» институту соттун аныктамасы боюнча билдирүү таратты. Анда мындай деп белгиленген (билдирүү кыскартылып берилди):

«Бул доо башка жалпыга маалымдоо каражаттарын коркутуу максатында берилди. Ал эми Свердлов райондук сотунун чечимин конкреттүү ЖМКга басым десек болот. Бул ЖМКнын иши тосмолонуп жатат (болгондо да соттун чечими жок туруп). ЖМК финансылык милдеттенмелерин аткара албай калышы үчүн, жамаатка маяна төлөй албай калышы үчүн алардын бардык ишмердиги, анын ичинде өндүрүш-чарба иштери тосмолонуп жатат.

Сот кимдир-бирөөнүн пайдасы үчүн эле уюмдун укугуна кийлигише албайт. Сот табияты боюнча өз чечими менен калыс болуп, коомдун күнүмдүк муктаждыктарын канааттандырууга тийиш. Бүгүнкү күндө ошондой муктаждык - ЖМКнын банк эсептерин камакка коюуга муктаждык - барбы?

Соттун ЖМКнын эсептерин камакка коюу тууралуу аныктамасы Конституцияга каршы келген жана укукка жүйөсүз кийлигишүү катары сөзсүз түрдө даттанууга берилет. Экинчи инстанция (Бишкек шаардык соту) мыйзамга, адилеттүүлүк жана тууралык принциптерине ылайык бул аныктаманы жокко чыгарат деп ишенебиз».

Акыйкатчы институту Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылманы жана журналистти сотко берип, ири өлчөмдө доо койгонуна байланыштуу 13-декабрда чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Токон Мамытов билдирди:

- Чукул кызматтык кеңешмеде бул маселени талкуулап, омбудсмен институтунун кызматкерлеринин сунуш-пикирлеринин негизинде чечим кабыл алабыз. Биз адамдардын баарынын укугун коргойбуз. Ким болбосун, баары бизге тең. Журналисттин укугу да, Матраимовдун укугу да бизге бирдей, ал укуктар тебеленбеши керек, - деди Мамытов.

Коомдун реакциясы

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады.

- Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. Азыр шаардык сот аны жокко чыгарышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев соттор жалпыга маалымдоо каражаттарына мамиледе этият болушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу Матраимовдордун үч басылмага ири өлчөмдө доо коюп, сотко кайрылганына байланыштуу «Азаттык» радиосуна берген комментарийде айтты:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Келечекте демократиялуу, өнүккөн мамлекет курабыз десек, биринчи кезекте сөз эркиндигине өтө этият мамиле кылышыбыз керек. Албетте, ар бир адам сотко кайрылып, абийирин сактоого аракет кылууга акылуу. Бирок сот жалпыга маалымдоо каражаттарына мамиледе этият болушу абзел. Соттун шашылыш түрдө басылмалардын эсебин камакка койгону туура эмес деп ойлойм,- деди Нурбаев.

«Бишкектин Свердлов райондук соту «Азаттык» радиосунун, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынын банк эсептерин жабуу боюнча чечимди шашылыш чыгарганы туура эмес», - деди «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Төлөгөнов. Мындай пикирин ал өзү жетектеген уюмдун атынан «Азаттык» радиосуна билдирди.

Марс Төлөгөнов демократиялуу коомдо ар ким сотко кайрылууга акылуу экенин кошумчалап, бирок доонун өлчөмү чоң экенин, бул сөз эркиндигине чабуул катары медиа уюмдарды тынчсыздандырып жатканын белгиледи.

«Кылым шамы» укук коргоо борбору да «Азаттыкка», Kloop.kg жана 24.kg сайттарына карата кабыл алынган сот чечимин айыптоодо. Борбордун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул тууралуу пикирин төмөнкүчө билдирди:

- Кандай эле Матраимов сотко берсе «Азаттыктын» эсептери камалат да, «Азаттыктын» берген маалыматы боюнча терең иликтөө иштери жүргүзүлбөйт?

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, саясат талдоочу Акылбек Сариев "Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылманы сотко бергенин сөз эркиндигине бөгөт коюунун көрсөткүчү катары сыпаттоого эрте" деп эсептейт:

- Эгер ушунун арты менен журналисттер ишмердигин токтотсо, анда сөз эркиндигине бөгөт коюлду деп айтса болот. Баары журналисттердин мындан кийинки иш-аракетинен көз каранды. Токтоп калышабы же тирешип, чындыкты жеткиргенге аракет кыла беришеби?

Сариев демократиялуу коомдо журналисттерди сотко берүү кадыресе көрүнүш экенин кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул маселе терең каралышы керектигин билдирип, журналисттер да ар бир маалыматты таратаарда жоопкерчиликти сезиши зарылдыгын айтты:

- Жагдайларын, себептерин терең карап чыгыш керек. Албетте, сөз эркиндиги сакталышы зарыл, цензура болбошу керек. Ар бир адам эркин түрдө өз оюн айтканга акылуу.

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев үч маалымдоо каражатына карата сот чечимин алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу деп атады. Депутаттын белгилешинче, экинчи инстанцияга кайрылып, банктык эсептерди камактан чыгаруу зарыл.

Себеби, Жээнчороев белгилегендей, сөз эркиндиги Конституция кепилдеген укук, ал эми соттун чечими күчүнө кирсе маалымат каражаттары өзүнүн күнүмдүк ишин жүргүзө албай калат жана алардын эркиндиги чектелет:

- Журналисттин ишине тоскоолдук жаратуу – бул сөз эркиндигине карата сот адилетсиздиги. Бул бузууну биз да изилдейбиз. Эгер керек болсо журналисттер, биз баарыбыз дисциплинардык комиссияга кайрылып, адилетсиз, буюртма чечим чыгарган сотторду кызматтан алынышын талап кылышыбыз керек.

Коомду козгогон иликтөө

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан.

«Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөлөргө байланыштуу жарандык активисттер 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы акция өткөрүшкөн.

Матраимовдор үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы отурум болжол менен 19-декабрда саат 14:00дө болот. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматта жарандык-процессуалдык кодекстин 145-беренесине ылайык, сот жазылган арыздарды карабай коюуга акысы жок экени белгиленет. Ал берене Доону камсыз кылуу жөнүндө арызды кароо деп аталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG