Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Түндүк Македониянын премьер-министри кызматтан кетти


Зоран Заев.
Зоран Заев.

Түндүк Македониянын премьер-министри Зоран Заев мөөнөтүнөн мурда уюштурула турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып берди. Парламент бул чечимди колдоду.

Түндүк Македония жана Албания Европа Биримдигине мүчө болууну көздөөдө. Бирок уюмдун талаптарына жооп бербегендиктен бул тууралуу сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат. Диалогду улантуу үчүн өлкө быйыл 12-апрелде парламенттик шайлоо өткөргөнү жатат.

Буга чейин оппоненттердин каршылыгына карабастан Заев Грекия менен сүйлөшүү жүргүзүп, өлкөнүн аталышын өзгөрткөндөн кийин Европа Биримдигине кошулуу аракетине Афины тоскоолдук жаратпай калды.

Бирок Франция, Дания жана Нидерланддар бул өлкөдө укуктук система жана башкаруу ыкмасы реформага муктаж экенин айтып, Биримдикке кабыл алууга каршы болуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG