Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Өзбекстанда аткаминерлердин киреше-чыгашасын текшерчү орган түзүлөт


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен чыгашасынын дал келишин көзөмөлдөй турган атайын орган түзүлөт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев окумуштуулар, өнөр жай жана изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчы кирешелери менен чыгашалары дал келбеген аткаминерлер мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи.

- Жаңы түзүлө турган антикоррупциялык орган аткаминерлердин кандай үйдө жашап жатканын, айдаган автоунаалары менен балдарынын окуган жерлерин аныктоо аркылуу коррупциялык факторлорго баа берет. Эми ар бир жетекчи суроолорго жооп берет, - деди Мирзиёев.

Былтыр күзүндө 2020-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанда акырындык менен мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн, кирешесин жана чыгашасын декларациялоо системасын киргизүү тууралуу президенттин токтомунун долбоору жарыяланган. Азырынча бул документ кабыл алына элек.

XS
SM
MD
LG