Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу» деп билдирди.
10-февралга карата таратылган маалыматта стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар экени айтылат. Баарынын ден соолугу канааттандырарлык. Билим берүүчү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, 9-февралда өлкөдө 97 киши вирустун айынан жашоо менен кош айтышкан. Анын 91и оорунун очогу болгон Хубэй провинциясына туура келет. Жалпысынан вирустан каза тапкандардын саны 908 кишиге жетти. (TSh)