Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Бөрүбаев: Тажикстан менен жер алмашуу маселеси бул жолу каралган жок (видео)


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынында жер алмашуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

«Өкмөт аралык комиссиянын биздеги жетекчилиги жаңы болду, билесиздер. Алмашуу маселеси өтө татаал. Бир күндө чечилбейт. Дагы карап көрүп, эл менен макулдашкандан кийин айтабыз. Бул жолугушууда алмашуу деген маселе көтөрүлгөн жок», - деди ал.

Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим баштаган жыйын Баткен шаарында өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул жыйындын жыйынтыгы тууралуу «кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги сызыкты мындан ары чийүүнү күчөтүү зарылдыгы, делимитациялоого чейин Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы сызыктагы туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесинде өз ара толук түшүнүшүү» бар экенин билдирди.

Буга чейин алмашылчу жердин бирөө Баткендин Көк-Таш айылындагы Арык-Асты тилкеси менен тажикстандыктар жашаган Майский айылы, ал эми экинчиси Кыргызстандын Самаркандек айылы менен Тажикстандын Чоркух айылы чектешкен аймактагы жерлер экени айтылган.

Тажик тарап Баткендеги жыйын тууралуу расмий маалымат бере элек.

«Азия-Плюс» басылмасы тажик делегациясына жакын булакка таянып, ортодогу талаш тилкеде 23 гектар жерди алмашуу каралып жатканын кабарлады. Бөрүбаев "Азаттыкка" берген маегинде кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы так экенин билдирген. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 970 чакырымды түзөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG