Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:13

Текебаев менен Чотоновдун үй камагы эки айга узартылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Биринчи май райондук соту 24-февралда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагын 25-апрелге чейин узартты. Ошондой эле соттук териштирүүнүн да мөөнөтү узартылды. Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, 24-февралдагы жараянда сотко келбеген күбөлөрдүн мурдагы көрсөтмөлөрү окулду.

«Мурунку соттук жараяндарда көрсөтмө берген айрым күбөлөр өлкөдө жок. Айрымдары саясат алмашканына байланыштуу көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатышат. Ошондуктан сот алардын мурунку көрсөтмөлөрүн окууну чечти», - деди ал.

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук териштирүү 9-мартта уланат.

Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова карап жатат.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду былтыр 29-августта үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG