Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Жапаровдун тарапкерлери президент менен жолугушууга киргени кабарланды


Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 10 тарапкери президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн Ак үйгө кирди. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде саясатчыны колдоо кыймылынын мүчөсү Бакай Аскарбаев билдирди. Анын айтымында, аталган адамдар президент менен жолугуп чыкканга чейин митинг улана бермекчи.

Учурда митингдин катышуучулары Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат.

Акцияны Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев алып барууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен. Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге мыйзамга ылайык чечилерин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG