Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 17:08

10 миллион адам жашаган Ломбардия аймагы карантинге алынат


Италия өкмөтү коронавируска байланыштуу Ломбардия административдик облусун өзгөчө карантинге алууга даярданып жатат. "Gardian" басылмасы Ломбардиянын аймагына көзөмөлсүз киргендерге жана чыккандарга айып салынарын кабарлады.

7-марттагы маалыматка ылайык, Италияда ушул убакытка чейин Covid-19 вирусун жуктуруп алган 233 адам көз жумду. 5883 кишиден вирустун белгилери табылган.

Ломбардияда 10 миллион адам жашайт. Бул Италия калкынын алтыдан бир бөлүгү болуп саналат. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италия коронавирустан көп жабыркап жатат. 7-мартта 24 сааттын ичинде коронавирус жуктуруп алгандар 1200 кишиге көбөйдү.

7-мартта дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен 75 киши өлдү. Алардын ичинен 36сы Италияда катталды.

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG