Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:26

Никитенко: Ою түз адам бетин жаппайт болчу (видео)


Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 8-мартта аялдардын митингинде болгон окуяны чагым катары баалап, бет кап кийип кыз-келиндерге зомбулук көрсөткөндөрдү аныкташ керек экенин билдирди. Мындай пикирин ал 12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, чагымга бөгөт коюуга аракет көрбөгөнү үчүн милицияны айыптады:

«Беткапчандар чагым салышты. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери пландалып жаткан чагымга эч кандай реакция кылышкан жок. Беткапчандар ким экени аныкталып, тартип коргоочулардын аракетине баа бериш керек. Алар ортого түшүп, ажыратып койбогону аз келгенсип, кыз-келиндерди кармап кетишти».

Ошону менен катар депутат беткапчандар бүгүн аныкталбаса жана жазага тартылбаса эртеңки күнү алар аймак, улут же дин аралык ажырымды даңазалап чыгышы ыктымал деген коркунуч бар экенин кошумчалады.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок калпак жана беткап кийген эркектер тобу келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүрүп салды.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш катталган. Анын 184ү оор, 36сы өзгөчө оор. Маалыматта балдарга каршы жасалган кылмыш иштеринин ичинен жыныстык зомбулук көбөйүп баратканы жазылган.

Бишкек шаардык милициясы 8-марттагы окуя тууралуу «санкцияланбаган митингдин алты катышуучусуна жана коомдук тартипти бузууга катышы бар беш жаранга карата протокол түзүлүп, айып салынганын» билдирген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG