Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Өзгөчө кырдаалдагы журтташтардын жашоосу


Эстонияда жашаган Икрам Тургунбаев кыздары менен. (Аманат сүрөт)
Эстонияда жашаган Икрам Тургунбаев кыздары менен. (Аманат сүрөт)

Алгач Кытайдан чыккан COVID-19 вирусу дүйнө жүзүн каптады. Өпкөнү сезгенткен бул оорудан улам өзгөчө кырдаал киргизген мамлекеттердин саны күн санап көбөйүүдө. Чет жактарда бир жарым миллиондой кыргызстандык бар. Алардын айрымдары менен байланышып, кабар алдык.

Италия: «Эки метр аралыкты сактап жатабыз»

Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча экинчи орунга чыккан Италияда ар кандай эсептер боюнча алты-сегиз миңдей кыргызстандык бар. Бул өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 17 600дөн ашты. Миңден ашык адам көз жумду. Ал жактагы кырдаал тууралуу Италияга караштуу Сардиния автономдук аймагында жашаган журтташыбыз Камиля Усенова айтып берди:

«Кесибим боюнча дарыгермин. Көп жылдан бери Сардинияда жашайм. Биздин аралда эки миңге чукул кыргызстандык бар. Алгач вирус Италиянын түндүгүндө жайылып жаткан. Көп өтпөй бизге да келди. Аралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны элүүнүн тегерегинде. 9-марттан тарта биздин аймакка да карантин киргизилди. Бардыгы жабылды. Дарыканалар жана азык-түлүк саткан дүкөндөр гана саат тогуздан алтыга чейин иштеп жатышат. Көчөгө зарыл иштер менен гана чыгууга уруксат берилет. Жөн эле ары-бери басып жүргөндөрдү полиция текшерип, көчөгө чыккан себебин сурап, документтерди талап кылып жатат.

Коронавирусту жуктургандардын арасында кыргызстандыктар жок. Биз бири-бирибизден кабар алып турабыз. Анын үстүнө Италиядагы кыргызстандыктардын көбү эле кары-картаңдарды багып иштешет. Алар ансыз деле үйдөн көп чыгышпайт.

Камиля Усенова
Камиля Усенова

Учурда «Эмнеге коронавирус Кытайдан кийин эле Италияда жайылып жатат?» деген суроо көп берилип жатат. Менимче бул туристтерге байланыштуу. Анткени Италиядан жайы-кышы туристтер үзүлбөйт. Ошентип ары-бери каттагандардан жугуп, тез жайылып кетти окшойт».

Ал эми Италияда көп жылдан бери жашаган дагы бир журтташыбыз Миргүл Өмүралиева «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу соңку кырдаал менен байма-бай бөлүшүп турат. Ал дүкөндөрдөгү кезек жана коомдук транспорт тууралуу буларды жазды:

«Бул жактын дүкөндөрүндө тамак-аш кенен. Мага окшоп сыртка чыга албагандар гана бир жумага алдык. Эртең менен кесиптешим баарын алып, акчаны таштап кеткен, түштөн кийин машине менен беш еврого жеткирип беришти. Онлайн буйрутма кылса да болот. Ал эми дүкөндөргө төрт кишиден киргизип жатышат. Баарыбыз аралыкты сактап, бири-бирибизден эки метр алыстыкта жүрөбүз. Эл тез эле соода кылып, чыгып кетүүдө. Баалар бардык жерде эле бирдей. Автобуста айдоочу билет сатпай калыптыр, атүгүл ага жолобой калыптырбыз, минтип лента турат...».

«Эстондор оор басырыктуу экен»

Эстонияда коронавирусту жуктургандардын саны жүздөн ашты. Ал жакта эки жылдан бери программист болуп иштеп жүргөн мекендешибиз Икрам Тургунбаев кырдаалды мындайча сүрөттөрдү: «Эстонияда кырдаал курч эле. 12-мартта өкмөт өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Мектептер, университеттер жабылды. Окуучулар сабактарды онлайн окумай болушту. 1-майга чейин музей, кинотеатрлар жабылды. Маданий, спорттук иш-чаралар, конференциялар токтотулду. Чек араларда санитардык текшерүүлөр киргизилди. Таллин-Стокгольм круиз сапары токтотулду. Көптөгөн ишканалар үйдөн иштөө режимине өтүштү.

Бул жакта отузга жакын кыргызстандык бар. Ар дайым байланыштабыз. «Вотсаптагы» группабызда жаңылыктар менен бөлүшүп турабыз. Азыр үйдөн иштеп жатабыз. Балдарыбыз да бала бакчага барган жок. Мүмкүн болушунча көчөгө чыкпаганга аракет кылып жатабыз.

3-4 күндө бир жолу дүкөнгө чыгып, азык-түлүк алып келебиз. Дүкөндөрдө бардыгын автомат аркылуу төлөп, өз алдынча алып чыгып кетсең болот. Мындай учурларда эл дүрбөлөңгө түшпөй, керектүү азык-түлүктү камдап алышы өтө маанилүү. Эстондор оор басырыктуу эл экен. Көчөлөрдө баары тынч, дүкөндөрдө бардык азык-түлүктөр бар. Болгону медициналык беткап жана колду дезинфекциялоочу каражаттар тартыш».

Гамбургда кыргыздардын концерти өтпөй калды

Германиядагы кыргызстандыктардын саны төрт миңдин тегерегинде. Бул мамлекетте азырынча өзгөчө кырдаал киргизиле элек. Канцлер Ангела Меркель 14-мартта элине жасаган кайрылуусунда «социалдык байланыштарды» мүмкүн болушунча азайта турууга чакырды.

Раида Баймонкоева үй-бүлөсү менен Гамбург шаарында турат. Ал кырдаал азырынча туруктуу экенин айтты:

«Гамбург шаарында он жылдан бери жашайбыз. Учурда абал тынч эле, дүкөндөр ачык. Кечинде гана ичиндеги текчелер бошоп калганы болбосо, азык-түлүк жетиштүү. Көчөлөрдө беткап тагынып жүргөндөр жокко эсе. Мектеп, бала-бакчалар эки жумага, ал эми жогорку окуу жайлары 20-апрелге чейин онлайн окуу системасына өттү. Бул жылы Нооруз майрамын белгилөөгө аябай даярданып жатканбыз.

Раида Баймонкоева үй-бүлөсү менен.
Раида Баймонкоева үй-бүлөсү менен.

Кыргызстандан Толгонай Арзыкеева, Нурмат Садыров сыяктуу ырчылар келишмек. Тилекке каршы коронавируска байланыштуу өтпөй калды.

Андан тышкары апрель айында Роза Аманова эки шакирти менен Гамбургдагы атактуу Эльб филармониясында концерт коймок. Ал иш-чара да үзгүлтүккө учурады.

Биз бул жакта болсок да мекенибизди көбүрөөк ойлоп, санаага түшүп жатабыз. Кыргызстанга коронавирус жетпесе болду, ата-энебиз, жакындарыбыз оорубасын!»

Польшада эл дүрбөлөңгө түштү

Чыгыш Европадагы бул өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны сексенден ашты, эки киши көз жумду. Баш калаа Варшавада магистратурада окуган жердешибиз Түгөлбай Пайзиллиев абал тууралуу «Азаттыкка» буларды айтып берди:

Польшадагы журтташ Түгөлбай Пайзиллаев.
Польшадагы журтташ Түгөлбай Пайзиллаев.

«Польшада эпидемиологиялык коркунуч режими киргизилген. Чек аралар жабылып, чет элдиктерди киргизүүгө тыюу салынды. Бирок жүк ташуучу автоунаалардын чек аралардан өтүүсүнө чектөө киргизилген жок. Азык-түлүк саткан дүкөндөр гана ачык. Чоң ишканалардын бардыгы онлайн иштөөгө өттү.

Жергиликтүү эл дүрбөлөңгө түшүп жатат. Бул жакта 250дөй кыргызстандык бар. Алардын 150сү студенттер. Алардын бардыгы үйлөрүнөн дистанциялык жол менен окуп жатышат. Негизинен бул жакка Кыргызстандан дагы студенттер келиши керек эле, бирок кийинкиге калды”.

АКШда трак айдагандардын иши токтобойт

Кошмо Штаттарда өзгөчө кырдаал режими 13-мартта киргизилген. Ошондой эле Шенген аймагындагы 26 мамлекетке бир айга эшигин жапты. Американын Пенсильвания штатында турган журтташтарыбыздан кабар алдык. Алардын бири - чакан курулуш компаниясында менежер болуп иштеген Самат Куттубаев.

«Филадельфияда жашаганыма эки жыл болду. Бул жакта кыргызстандыктар бири-бирибизден кабар алып, чогулуп турабыз. Коронавируска кабылгандар жок. Бирок баары эле кооптонуп жатышат. Атайын чаттарыбыз аркылуу маалыматтар менен бөлүшүп турабыз. Жумушка барып жатабыз. Болгону жыл сайын Нооруз майрамын салтанаттуу түрдө белгилечү элек. Ал болбой калды. Бул жактагы өзбек туугандарыбыз да катуу даярданып жатышкан. Ошол майрам өтпөй калганына эле бир аз капа болуп турабыз.

Самат Куттубаев.
Самат Куттубаев.

Кошмо Штаттарда бардык иш-чараларга тыюу салынды. Мектептер, жогорку окуу жайлары отуз күнгө жабылды. Пенсильвания штатында азык-түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар, май куюучу жайлар жабылбай турганы айтылган. Ошентсе да азык-түлүк, керектүү каражаттардын бардыгын алып койдук.

Оор жүк ташуучу автоунаа айдаган кыргызстандыктарга коронавирустун залакасы тийбейт деген үмүттөнөм. Алардын жумушу токтоп калбаса керек. Анткени азык-түлүк, тамак-аш, дегеле баары ошол трактар аркылуу жеткирилет. Айдоочулар жүктү жөн гана жеткирет. Аны башкалар жүктөп-түшүрөт. Демек айдоочулар үчүн кооптуу деле эмес. Алар жанына башка адамдарды деле албайт».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG