Коронавирус коркунучуна байланыштуу жума намазын окуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 17-мартта кыргызстандык мусулмандарга кайрылуусунда билдирди.
Муфтий дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алуу менен коронавирус оорусу эл көп чогулган жерде таркоо коркунучу болгондуктан жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун деп чечим кылган.
Кайрылууда айтылгандай, мечиттер жабылбайт, намаз убактысын билдирүүчү азан айтылып турат, беш убак намаз үйдө окулат. Дааватка да убактылуу чектөө киргизилди. Мындан тышкары жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйдө окулат. Муфтий мусулмандарды мындай кыйын учурларда Алла-Таалага кайрылып, күнөөлөр үчүн кечирим сурап, тобо кылуу менен дуба тилөөгө чакырган.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өз кайрылуусунда оор учурдан пайдаланып, азык-түлүк жана башка буюмдарга чайкоочулук кылуу - чоң күнөө жана арам экенин белгилеген.
«Биз буга жол бербешибиз керек. Жараткан Алла-Таала элибизди, мамлекетибизди, бүткүл адамзатты ар кандай жамандыктан, апаат-балээден, бардык оорулардан жана өзгөчө коронавирустан сактасын», - деп кайрылган муфтий.
Буга чейин, 13-мартта Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, коронавируска байланыштуу жума намазга чейинки баяндарга чектөө киргизилип, зикир жана дубаларды кыска окуу сунушталган эле.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жугузгандар катталган жок. Ушул тапта 300дөн ашуун адам обсервацияда. (ZKo)