Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Кыргызстанда коронавирустан үч адам айыкты


Иллюстрциялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жугузган үч адам айыгып, ооруканадан чыгарылып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Айыккандар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 62, 44 жана 46 жаштагы тургундары, үчөө тең аял.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул үч жарандын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок, ошондуктан жакын арада үйлөрүнө жөнөтүлөт.

Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 94 кишиге жетти. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG