Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

Президент жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоону тапшырды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу президент Жээнбеков айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кабыл алган учурда сөз кылды. Анда өлкө башчысы айыл чарба тармагында азыркы кырдаалга байланыштуу жаралып жаткан маселелерди чечиш үчүн бардык мамлекеттик органдарды уюшкандыкта иш алып барууга чакырды.

Министр Чодуев бүгүнкү күндө бир катар аймактарда айрым товарларга муктаждык күч болуп жатканын билдирген. Кайсы товарлар жөнүндө сөз болуп жатканын жолугушуу жөнүндө маалымат тараткан президенттин басма сөз кызматы тактаган жок.

Кыргызстанда ушу тапта коронавирус аныкталган 94 киши бар. Бул илдетти жайылтпаш үчүн Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бир катар чектөөлөр коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG