Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:27

АКШнын бардык штаттарында табигый апаат жарыяланды


Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялоо тууралуу декларацияга кол койду. Ак үй билдиргендей мындай табигый апаат АКШнын бардык аймагында биринчи жолу жарыяланды.

Кошмо Штаттарында коронавирустан 20 миңден ашык киши каза болуп, адам курмандыктарынын саны боюнча Италиядан ашып, биринчи орунга чыкты. Көз жумгандардын көбү Нью-Йорк штатына туура келет. Бул аймакта 8,5 миң киши өлдү. АКШда вирусту жуктургандардын саны 500 миң кишиден ашты.

Ал эми Италияда COVID-19 вирусунан 19 миңден көп адам каза тапты. Вирус 152 миң адамдан табылды.

Адам өлүмү боюнча үчүнчү орунда Испания турат. Аталган мамлекетте 16 миңден көп курмандыктар бар. Коронавирус жуккандардын саны 163 миң.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG