Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

ИИМ: 14-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын бузгандар азайды


Ош шаарындагы блокпост. Апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыгы үчүн 14-апрелге караган түнү 46 адам кармалган.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 40, Жалал-Абад шаары боюнча – 6 киши кармалды. Ал эми Ош шаарында, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузгандар катталган жок.

Кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаганда коё берилди.

ИИМ жарандарды өзүнүн, жакындарынын жана жалпы өлкөнүн коопсуздугу үчүн тартипти бекем сактоого чакырып, ар бир тартип бузуунун артында жоопкерчилик турганын эскертти.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус көп катталган айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Коронавируска каршы ыкчам чара көрүү боюнча республикалык штаб өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу жөнүндө президентке 13-апрелде сунуш киргизди.

14-апрелдеги маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 илдетине кабылган 430 жаран бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG