Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Орусияда түрткүнчүк болгон мигранттар


Орусиядагы мигранттар. 3-апрель, 2020-жыл.
Орусиядагы мигранттар. 3-апрель, 2020-жыл.

Орусияда жашаган тажикстандык бейтаптар орус дарыгерлеринин өгөйлөгөн мамилесине туш болуп жатканын айтышууда. Ал арада Тажикстан бир нече донордук уюмдардан ири жардам ала баштады. 

Мухаммед - Орусияда жашаган тажикстандык мигрант. Ал Москва шаарында турат. Мухаммед катуу ысытма, оор жөтөл менен сегиз күн алышып жатып, акыры коронавируска кабылды деген диагноз менен ооруканага жатты. Анын кызы төрт жолу дарыгерге кайрылып жатып да ооруканага жаткыра албай коюшканын айтты:

«Акыркы күндөрү анын дене табы 40 градуска чейин чыгып жатты. Биз «Тез жардам» кызматына үч жолу кайрылдык. Бирок «Тез жардам» кызматы телефон аркылуу дары дайындап бергенден башка эч кандай жардам көрсөткөн жок. Биринчи жолу чалганыбызда «эртең коронавируска тест алабыз» дешкен. Бирок кечке күттүк, келген жок. Атамды ооруканага жеткирүүдөн да баш тартышты».

Тажикстандык бейтап Мухаммедди балдары ооруканага өз алдынча жаткырууга да аракет кылып көрүшкөн. Андан да майнап чыккан эмес. Бейтаптын кызынын айтымында, ооруканада андан коронавируска тест алып, кайра эле үйдөн дарыланууга чыгарып коюшкан. Бирок Мухаммед жашаган эки бөлмөлүү батирде андан башка дагы жети киши жашайт.

Москвада коронавируска чалдыккан дагы бир мигранттын кызы Нафиса «Тез жардам» кызматы анын атасын эки жолу ооруканага кабыл албай койгонун билдирди. Качан гана анын абалы оорлошкондон кийин үй-бүлөсүн үй карантинине алып, бейтапты ооруканага жаткырышкан. Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон мындай көрүнүштү мигранттарда орус жарандыгынын жоктугу менен байланыштырды:

«Алар «сага жардам бербейбиз» деп ачык айтышпайт. Бирок телефондо орусча эмес фамилияны угары менен тек гана телефон аркылуу кеңеш берип коюшат. Же келип, дары дайындап, карантинге алуу тууралуу аныктама берип кетип калышат».

Дагы бир укук коргоочу Валентина Чупик Орусия карантин учурунда мигранттардын документин текшерүүнү токтото турушу керек деген пикирде.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

«Мигранттардын документин текшерүүнү токтото туруу мигранттардын жашап кетишине жардам болмок, - деди ал. - Анткени алар же патент алышы керек же нан сатып алышы керек. Азыр алардын көбүндө жумуш да, акча да жок. Ошондуктан көбү патенттин акчасын төлөй албай жатат. Анан аларды полиция кармап атат. Муну токтото туруш керек. Ошондо орусиялыктарга оору жугуу коркунучу азыраак болмок. Эгерде мигранттарды ыксыз текшерүүлөрдөн бошотсо, алар чындап эле үйдө жатмак».

Укук коргоочу айткандай мисалды ушу тапта АКШ жана Португалия колдоно баштады. Алар миграция мыйзамын бузгандарды кармоону убактылуу токтотушту.

Буга байланыштуу Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомиддин Саттаров, Орусиядагы Мигранттар федерациясынын төрагасы Вадим Коженов жана Өзбекстандын бийлиги орус өкмөтүнө кайрылып, мигранттарга салыктан каникул берүүнү суранышты. Расмий Москва буга жооп бере элек.

Учурда Орусияда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 21 миң кишиден ашты.

Ал арада коронавирус илдети али каттала элек Тажикстан бир катар булактардан ири каржылык жардам ала баштады. Маселен, Евробиримдиктен 48 млн. евро, Германиядан 1 млн. евро, Азия өнүктүрүү банкынан 100 миң доллар, Дүйнөлүк банктан 11,3 млн. доллар, АКШ өкмөтүнөн 866 миң доллар, Орусиядан 20 миң даана тест система жана ЮНИСЕФ уюмунан дарыгерлер үчүн вирустан коргоочу костюмдарды алды. Андан сырткары Өзбекстан менен Казакстандан да гуманитардык жардам келип түштү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG