Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Дүйнөдө COVID-19 вирусунан 200 миңден ашык киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 2 миллион 900 миң кишиге жакындады. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 26-апрелге карата баш-аягы 203 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза болду. 830 миңдей бейтап айыгып чыкты.

COVID-19 вирусунан каза тапкандар жана аны жугузуп алгандар боюнча АКШ биринчи орунда турат. Аталган өлкөдө вирус 940 миңге чукул кишиге жугуп, андан 54 миңге жакын киши өлдү.

АКШдан тышкары дагы төрт мамлекетте коронавирустун курмандыктары 20 миңден ашты.

Италияда вирус 195 миң кишиден табылып, 26 миң адам каза болду. Испанияда бул илдет 224 миң адамдан чыгып, 23 миңи көз жумду. Францияда ооруну жуктургандардын саны 160 миңге жетсе каза болгондор 22 600 киши болду. Британияда вирус 150 миңге жакын адамга жугуп, 20 380 киши каза болду.

Европа өлкөлөрүндө Германияда салыштырмалуу абал жакшы. Бул мамлекетте COVID-19 вирусу 156 миң адамдан табылып, 6 миңге жакын киши өлдү. Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөнүн саламаттык сактоо системасы абалды жөндөп кете алганын айтты.

XS
SM
MD
LG