Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Коронавирус: Бир суткада 13 адам жаңы катталды, 21 бейтап айыгып чыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 28-апрелге карата соңку сутка ичинде коронавирус дагы 13 адамдан табылды, 21 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору табылган 13 адамдын үчөө Бишкек шаарында, алтоо Чүй облусунда, экөө Нарын облусунда жана экөө Жалал-Абад облусунда жашагандар.

Ошентип, 28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардан 8 киши каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG