Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

АКШда COVID-19 жуккандар бир миллион адамдан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарда коронавирустун айынан 58 миңден ашык киши көз жумду. АКШнын президенти Дональд Трамп 29-апрелде таң эрте «Твиттердеги» баракчасынан күчөтүлгөн тестирлөөнүн натыйжасында башка мамлекеттерге салыштырмалуу өз өлкөсүндө эң көп оорулуу аныкталганын билдирди:

«Кошмо Штаттарда коронавирус жугузган учурдун бир миллионго жеткенинин жалгыз эле себеби - башка мамлекеттерге караганда бизде тест жүргүзүү өтө жакшы. Башка мамлекеттер бул жагынан бизге жетпейт, ошондуктан алар аз сан көрсөтүп жатышат».

Антсе да АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун башчысы Энтони Фаучи CNN телеканалындагы маегинде тестке муктаж адамдардын маселесин негизги көйгөйлөрдүн бири деп атаган жана мындай жарандардын баары май айынын аягына же июнь айынын башына чейин жапырт тесттен өткөрүлүшү керек экенин билдирген.

Оорунун жайылышы басандаганынан улам АКШнын айрым штаттарында жана Европанын кээ бир өлкөлөрүндө карантин эрежелери жумшара баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эксперттер карантин чараларын алууда чебердеп туруу зарыл экенин, болбосо оорунун экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин эскертип келишет.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнөдө бул оору 3,1 миллион адамдан аныкталды, илдет 217 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG