Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Түркмөнстандык прокурорлор Стамбулга уулануу иши менен таанышуу үчүн барышты


Стамбул шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Стамбул шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстандык төрт прокурор ондогон түркмөн жарандарынын аракка ууланышынын чоо-жайы менен таанышуу үчүн Түркияга барганы белгилүү болду.

Күч түзөмдөрүнө жакын булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 4-майда билдиргендей, прокурорлор өткөн жума күнү Ашхабадга атайын учак менен кайтып баргандан кийин дароо 14 күндүк карантинге алынган.

Түркмөнстандык 58 киши жасалма арак ичкенден кийин ууланып өлгөнүн түрк маалымат каражаттары март айында жазышкан. Кабарларга караганда Стамбулдун полициясы буга байланыштуу 11 кишини, анын ичинде түркмөн жарандарын да кармаган.

Түркмөн бийлиги же бул өлкөнүн Анкарадагы элчилиги кабарларга расмий комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG