Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

АКШда Жогорку соттун отуруму алгачкы жолу түз эфирде өттү


АКШнын Жогорку соту тарыхта биринчи жолу телефон конференция аркылуу жараян өткөрүп, соттук угуу алгачкы жолу радио эфирге түз берилди.

Каралып жаткан иштердин арасында президент Дональд Трамптын салык декларациясын жарыялоодон баш тартканы боюнча да иш бар.

АКШ мыйзамдары президентти мындай маалыматтарды жарыялоого милдеттендирбейт. Бирок, президенттер салык боюнча жазылбаган мыйзамды сактап келишет.

Жогорку сот жаңы технологияларды колдоно бербейт. Мисалы, тараптардын аргументтери азыркы мезгилге чейин видеого тартылбайт. Ал эми аудио эч качан түз эфирде берилген эмес. Жогорку соттун төрагасы журналисттер радиодогу түз эфирден соттук иштер жөнүндө кабардар болуп турарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG