Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Вирусолог Нурматов: Өзгөчө абал киргизилгени туура болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги «Фейсбуктагы» баракчасында «Дарыгер сүйлөйт» аттуу жаңы түрмөктү ачты. Анда дарыгерлер коронавируска байланыштуу маалыматтарды айтып, коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп беришет.

7-майда Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов пандемия менен күрөшүүдө өзгөчө абал режиминин маанисине токтолду.

«Кыргызстанда өзгөчө абалды киргизбестен пандемиядан чыгышыбыз кыйын. Бирок жалпы элдин аң-сезими жогору болсо, бул режимди киргизбей эле пандемиядан чыкса болот», - деди Нурматов.

7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты. 895 адамдын 224ү медицина кызматкери, алардын бири каза тапты, 161и айыгып кетти.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Президенттин 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG