Кыргызстан эгемендик алгандан бери сырттан 10 млрд. сомго жакын каражат келген. Аны даректүү сарптабай, ич ара бөлүштүрүп алган мурдагы аткаминерлер жоопко тартылууга тийиш. Мындай талап менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 13-майда өкмөт башчыга кайрылды.
«Мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип, түрдүү эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттерден алынган акчаны даректүү жумшабай, ич ара бөлүп алган мурдагы аткаминерлер жоопко тартылышы зарыл. Өкмөт башчы катары сиз демилгени колго алышыңыз керек. Азыр коомдо нааразылык күчөп жатат», - деди депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча Мамлекеттик мүлк фонду текшерүү жүргүзүп жатканын маалымдады.
Өткөн жумада айрым жарандык активисттер мурдагы премьер-министр, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев «мыйзамсыз байыганы үчүн» жоопко тартылышы керек экенин айтып чыгышкан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн.
11-май күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча текшерүү баштаганын жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, депутатка карата Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (ZKo)