Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

АКШ жана ЕБ укук коргоочу Аскаровго ырайым берүүнү өтүнүштү


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата чыгарган Жогорку соттун чечиминен кийин билдирүү таратты.

Бюронун «Твиттердеги» баракчасына «Апелляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу болгондугуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдон анын (ред: Аскаровдун) улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу ырайым кылып, бошотууну суранабыз», деп жазылган.

Ал эми Европа Биримдигинин Европа сырткы байланыш кызматы укук коргоочуга чыгарылган акыркы инстанциянын чечими Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылы берген сунушуна туура келбей турганын билдирди.

Европанын сырткы байланыш мекемеси БУУнун Адам укуктары боюнча комитети укук коргоочу Аскаров кармалган учурда мыйзам бузууга, кыйноого кабылганын, ага адилет сот укугунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилбегени аныкталганын белгиледи.

Европа Биримдиги да өз билдирүүсүндө кыргыз бийлигинен Аскаровдун улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу бошотууну өтүнгөн.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип келет. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон.

Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Азырынча арыз качан каралары белгисиз. (TSh)

XS
SM
MD
LG