Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Орусиядан Тажикстанга 220 мигрант жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-майда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Москвадан Дүйшөмбүгө тажикстандык 220 жаран келди. Тажик бийлиги алар Орусиядан депортациялана турган адамдар экенин, бир айдан ашык убакыттан бери атайын жайларда кармалып турушканын билдирди. Ушул эле борт менен бир нече тажик мигрантынын сөөгү да жеткирилди.

Эреже боюнча чет өлкөдөн кайткан жарандар эки жумага карантинге алынат. «Азаттыктын» тажик кызматынын өкмөттөгү өз булагы учак менен келген жарандардын арасында аялдар жана балдар бар экенин айтты:

«Атайын жайларда кармалган айрым мигранттардын балдары туугандарыныкында жашап турушкан».

Буга чейин «Тажинфо» сайты чартердик каттам менен Москвадан Дүйшөмбүгө 28 мигранттын сөөгү салынган табыттар да келерин жазган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Коронавирустун жайылышынына каршы туруу боюнча республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандарды кайтаруу боюнча атайын иш графигин түзүп жатканын маалымдады.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 19-майдагы маалыматына ылайык, өлкөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1936 кишиге жетти. Акыркы 20 күндүн ичинде 41 киши бул илдеттен кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG