Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Ошто Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды.

22-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматына Папан суу сактагычына 22 жаштагы жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 23-майда саат 7:30да маркумдун сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна маалымдады. Министрликтин кызматкерлери жарандарды көлмөлөргө, дарыяларга сууга түшүүдөн карманууга, коопсуздукту сактоого үндөп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG