Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Азат Рузиев: УКМК «Алдамчылык» беренесинен баш тартып, атамды үй камагына алууну өтүнүүдө


Камилжан Рузиев.
Камилжан Рузиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) укук коргоочу Камилжан Рузиевдин бөгөт чарасын үй камагы деп аныктоону суранууда. Бул тууралуу өтүнүч келтирилгенин «Азаттык» радиосуна анын жакындары кабарлашты.

УКМКнын тергөөчүсү келтирип жаткан өтүнүчтө Рузиевди 29-июлга чейин үй камагына алуу керектиги айтылганы кабарланды. Азырынча бөгөт чарасы сотто карала элек.

Ошону менен катар, Рузиевдин уулу Азат атайын кызмат айыптоодогу «алдамчылык» деген пунктту алып салганын «Азаттык» радиосуна билдирди. УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын билдирген.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү.

Өткөн айда ал Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөш боюнча кайрылуусун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG